super.kg logo

Депутаттар 2018-жылдын сентябрынан тартып, мектептерге 5 күндүк окуу күнүн киргизүү маселесин карады

 

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеӊеште билим берүү күндөрүн кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелерине аптасына 5 күндүк окуу күнүн киргизүүнү сунуштоодо. Эл өкүлдөрү муну менен мектептерде билим берүүнүн сапатын арттырууга мүмкүн экенин айтууда.

"Мындай тажрыйба көп өлкөлөрдө бар. 6 күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп, алар ар кандай секциялар менен ийримдер сындуу өздөрү кызыккан жана пайдалуу нерселерге катыша албай калат. Мугалимдердин да сабакка даярдануусуна убакыт тартыш экени, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилгени, 5 күндүк окууда алардын маянасы кыскарбай турганы белгилүү болду. Мындай демилгени өкмөт өкүлдөрү да колдоо менен, окуу программасын 5 күндүк окууга ылайык келтирүү чаралары көрүлөт", - деп көрсөтүлгөн мыйзамдын негиздемесинде.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан пилоттук долбоорго ылайык, ушул тапта мектептердин 80 пайызы 5 күндүк окутууга өткөн. Өлкөдө 159 мектепте окуучулар 3 сменде окуйт. 446 мектепте гана 1 сменде окутулат. Мектепти жылына 60 миӊ окуучу бүтүрөт. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
10.01.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакытты созбой эле 2017 киргизсенер болмок эле.Бул маселени карап атканынарга 2 жыл болду чече албайсынарго дегеле.Эми пособияны эртелетип чечкиле баары ала турган кылып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: