Орусияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын сөөгү жерге берилди (фото)




Орусияда киши колдуу болуп каза болгон Кыргыз жараны Мурат Маматалиевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Өзгөн районундагы Шагым айылында жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маркумдун балдызы Айзада кабарлады.
Мураталиев жана аны менен бирге каза болгон Искендер Жолборсовдун сөөгү бүгүн, 10-январь күнү эртең менен Москва шаарынан учак аркылуу алгач "Ош" аэропортуна алынып келип, андан кийин кичи мекени Шагым айылына жеткирилген.
Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Жолборсов жана 1981-жылы туулган Маматалиев аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп каза болгону белгилүү болгон.
Мураттын артында эки уул, бир кыз, Искендердин артында бир уул, бир кыз калды. ИИМдин маалыматына ылайык, Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.
Факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.


Зор Змана, Эл тентиди, сокку жеди, таяк жеди. Сурап алар ишенген аламдарын маселени чечуунун ордуна "рахмат силерге! Силер биздин эн ири инвестор болуп эсептелксинер!",-дейт. Чыда кыргызым "биз куткон кун дагы чыгып нурун чачар бир куну!"