1-июнга карата Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны 431,3 миң адамды түздү
1-июнга карата Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны 431,3 миң адамды түздү. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 358,3 миң аз камсыз болгон, балдары бар үй-бүлө ай сайын жөлөк пул алышат. Бул көрсөткүч калктын жалпы санынын 6,2 пайызын түзөт. Өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу жөлөк пулдун суммасы 51,2 пайызга жогорулап, 446,4 сомду түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айына карата жөлөк пулдарды төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 353,9 миллион сом бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

