super.kg logo

Тажикстанда Орусияга көчүп кетүүнү каалаган адамдар куулуп таркатылды

 

Тажикстанда Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн алдына Орусияга көчүп кетүү боюнча арызын тапшырууну каалаган эки жарым миңге жакын киши чогулган. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери чогулган кишилерди кууп таркатты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок. Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча Тажикстандагы өкүлчүлүгү жабылды. Имарат алдында милиция кызматкерлери нөөмөттө турушат. “Учурда каалоочулар Орусияга көчүп кетүү тууралуу арыздарын өкүлчүлүктүн веб-сайты аркылуу гана тапшыра алышат. Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин ыктыярдуу түрдө Орусияга көчүп барышына көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программага алгач орус тилдүү жарандар гана илинсе, кийинчерээк Орусиянын жумушчу күчү тартыш болгон алыскы аймактарын эмгек ресурстары менен камсыздоо максатында башка улуттун өкүлдөрүнө дагы мындай мүмкүнчүлүктөр бериле баштаган”, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.01.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустарга баары бир,тажиктер тобу менен кочуп барса,эч ким жашабай калган,ээн,чет жактагы кыштактарына жайгаштырып коюшат.Бош жаткан дын жерлерди иштетип жашай бергиле деп.Тын болушса,жашап кетишет,турмуштары онолуп.
10.01.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошентип кочуп баргандарга гражданство берер бекен же тажиктер барса тажикский айыл болуп калабы?билгендер болсо айтып койгулачы
10.01.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tynybek1989,албетте гражданство берилет.
10.01.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tynybek1989,кетейин дедин беле?
10.01.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Оз олкосун туулган жерин чанып жакшы жашоо издеп баратышатко дейм
10.01.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оз эркин менен чагып кетип жаткан жок. Оокат откоруп керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: