super.kg logo

Ошто жарандык никедеги аялын сабап өлтүрүүгө шектелген адам кармалды: "Кызганып, сабап туруп кетип калгам"

 

Ошто адам ѳлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

9-январь күнү саат 11:40 чамасында бир аял киши колдуу болуп өлгөндүгү тууралуу Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.

"Ош ШИИБинин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып 1 аял киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн көрүшкөн. Маркум 1977-жылы туулган М.А. аттуу жашоочу экендиги аныкталып, ал башынан жана денесинен алган соккудан каза болгондугу белгилүү болгон. Катуу соккудан маркумдун баш сөөгү жана төрт кабыргасы сынып кеткен", - деп билдирет маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттин негизинде акыркы айларда жарандык никеге туруп аял менен бирге жашап жаткан 1977-жылы туулган Б.Н. шектүү катары издөөгө алынган. Натыйжада ал 9-январда Ош шаарынын борбордук базарынан кармалып, тергөө бөлүмүнө алып келинген.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, 7-январда жарандык никеде турган аялын башка эркектерден кызганып катуу сабап, үйдѳн чыгып кеткендигин айткан. Окуя болгон учурда экөө тең мас абалында болгондугун айтып жасаган кылмышын моюнуна алган. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) боюнча иши козголду.

Кылмышка шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында сурак берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
10.01.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эх ушундай жаңылыктарды окуп туруп дагы ичкиликтен баш тарта албай жаткандар канча,өкүнүчтүү
10.01.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан!
16.01.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baiana,Айбан деп жазуудан мурун так маалыматты билип анан күнөө тагып койунуз
10.01.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул аялга кол которуу деген качан токтойт эркектер ойлонсонор боло ошол ичкилик деген балеени жок кылыш керек бардык нерсе ошону айынан чыгат
10.01.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялга кол которгон, энесине кол которгонго барабар. Алсыз эркек гана аялына кол которот.
10.01.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
i1urp,алсыз эркек кол которот депсиз
Соз менен тушунбосо айла жок муштум
Менен тушундуротда.андай аялдарда барда,ажылдап урушкан
trabzon11 түзөттү 2018-01-10 21:54:09
10.01.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ит
10.01.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
9 жылдан бери келинчегим экобуз жашап келе жатабыз. Бизде деле идиш аяктар кагышат. Бирок бир да жол кол которгон жокмун. Кол которуу жакшы салт эмес.
10.01.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ka2sr1,бут которбодунуз беле байке;-) тамаша
10.01.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызганыч - аялды да, эркекти да бактылуу кылбайт. Кызганычтын артында кандайдыр бир эгоизм жатат.
11.01.2018. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: