Молдовада Орусиянын жаңылыктар программасын көрсөтүүгө тыюу салынды
Молдовада Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу молдовалык басылмалар жазып чыгышты.Маалыматта жазылгандай, Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасына тыюу салган мыйзамга Молдова парламентинин төрагасы Андриан Канду кол койгон.
Жаңы мыйзам боюнча Молдовада Европа конвенциясына кошулбаган өлкөлөрдө чыгарылган маалымат-аналитикалык, аскердик жана саясий программаларды көрсөтүүгө тыюу салынат. Ал конвенцияга кошулбаган өлкөлөргө Орусия да кирет. Молдовада Орусиянын көңүл ачуучу жана башка жеңил программаларын алып көрсөтүүгө уруксат берилет.
Айта кетсек, буга чейин "Чет элдик үгүткө каршы күрөш жөнүндө" мыйзамды эки жолу артка кайтарганы үчүн өлкө башчысы Игорь Додонун ыйгарым укуктарын Конституциялык сот убактылуу токтоткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:10
2025-11-04
22:40
2025-11-04
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(2)
AIZAD
11.01.2018. 11:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми булар эмне болуп атат? Американын пешкаларындай эле
i1urp
11.01.2018. 12:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орусия буларды жон койбойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















