super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев: "Уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн үстүнөн эч ким арыз жазбайт"

 

"Уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн үстүнөн эч ким арыз жазбайт", - деп бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал уюшкан кылмыштуу тобу менен күрөшүү керектигин айтты.

"Өткөн жумада Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы борбордук пансионаты өрттөнгөн. Бир четинен карасаң жөн эле кылмыш аракет. Бирок ошол ишке уюшкан кылмыштуу топ тарабынан бир топ коркутуулар болгон экен. Ички иштер министри жаңы министр болуп дайындалып жатканда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө эч ким арыз жазбайт деп айткам. Арыз жазгандан кийин алар арыз ээсинин мүлкүн өрттөп кетишет. Ысык-Көл облусунда ушундай көйгөй бар. Бир жыл мурун айткам, бирок жыйынтык жок. ИИМ арыз жазса карайбыз деп айтышат. Бул нерсени жөн калтырсак жакшылыкка алып барбайт. УКМКнын кызматкерлерин алып барыш керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: