super.kg logo

Депутат мугалимдерге чет өлкөдөн тажрыйба алуу, жылына Ысык-Көлдө эс алдыруу тартибин киргизүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөт аймактардагы мугалимдерге жетиштүү көңүл бурбай жатканын айтты. Депутат жаштардын келечеги мугалимдердин тажрыйбасынан көз каранды экенин белгилеп, аларга өкмөт көңүл бурса деген пикирде.

"Президент 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Мектеп, социалдык объектилерди жаңылоону колго алуу керек. Окуучунун билим деңгээлин көтөрүү үчүн мугалимдердин тажрыйбасы, сабаттуулугу маанилүү. Ошондуктан мугалимдерге чет өлкөдөн тажрыйба алуусуна, жылына Ысык-Көл облусуна эс алдырып, ден соолугун чыңдоосуна көңүл буруш керек. Ушул депутаттарды, бардык аткаминерлерди окутуп, тарбиялаган - мугалимдер. Ошондуктан алардын айлык-маянасын жогорулатып, кесипкөйлүгүн арттырууга өкмөт көңүл бурушун талап кылат элем", - деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.01.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат депутат экен,Эми ушул пикиринди окмот укса,депутаттар колдосо....
11.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечегибиз коркунучта ! Азыр мугалимдикке окугандар ото аз .Копчулугу эле ЫРЧЫ , бизнесмен , банкир , соодагер , тикмечи , дизайнер , визажист , юрист жана да кафе - ресторанда повар болуп кетишти . Эч ким мугалим болгусу келбейт башын оорутуп. Баары эптеп акча тапмай , сабатсыздар коп . Жакынкы олколор менен тажрыйба болушуп , окутуу методдорун алмашып жакшы болмок . Мугалимдик кесипке биринчи кезекте конул бурулуш керек !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: