super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн калысы Нурдин Букуев "Дүйнөнүн мыкты калысы" наамында 6-орунга татыды

 

Футзал боюнча "Дүйнөнүн мыкты калысы" наамында жеңүүчүлөрдүн тизмеси аныкталды. Анда Кыргыз Республикасынын калысы Нурдин Букуев 10 калыстын арасынан 6-орунга татыды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, "Дүйнөнүн мыкты калысы" наамына 10 талапкер ат салышкан. Кыргыз өлкөсүнөн аталган наамга Нурдин Букуев талапкер болгон. Ал 266 упай топтоп 6-орунда жайгашты. 1-орунду хорватиялык Саша Томич жеңип алды.

Эске салсак, "Futsal Awards" сыйлыгы 2000-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлөт. Анда 10 категориядагы мыктыларды футзал боюнча дүйнөнүн алдынкы адистери аныктайт.

Айта кетсек, Нурдин Букуев 2017-жылы футзал жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугунда, клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жана Жабык имараттагы Азия оюндарында калыс болгон.

"Дүйнөнүн мыкты калысы" наамынын жыйынтыктары:

1-орун: Саша Томич (Хорватия) – 714 упай;

2-орун: Богдан Сореску (Румыния) – 505 упай;

3-орун: Дарио Сантамария (Аргентина) – 451 упай;

4-орун: Томохиров Козаки (Япония) – 385 упай;

5-орун: Даниель Бордон (Уругвай) – 296 упай;

6-орун: Нурдин Букуев (Кыргыз Республикасы) – 266 упай;

7-орун: Мухаммед Юсеф (Египет) – 170 упай;

8-орун: Карлос Санчес (Гватемала) – 169 упай;

9-орун: Кристофер Синклэр (Жаңы Зеландия) – 104 упай;

10-орун: Рекс Висли Комусу (Соломон аралдары) – 90 упай;






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
11.01.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булда жакшы жетишкендик 6-орун жакшыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: