super.kg logo

Жактоочу: "Чубак Жалиловго байланыштуу иштерди иликтөө токтотулган. Анын мыйзамдуу аялы эч кайда арыз жазбагандыгы аныкталган"

 

"Дин ишмери Чубак Жалиловдун экинчи аял алуу тууралуу билдирүү жасаганы боюнча иш жабылган. Анын курамында кылмыштын жоктугуна байланыштуу иликтөө токтотулган". Мындай маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 11-январда Чубак Жалиловдун жактоочусу Акин Токталиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган иш Чубак Жалиловду укук коргоо органдары суракка алгандан кийин эле 2-3 күндөн кийин токтотулган.

"Чубак Жалиловдун аялы Гүлнур Жалилова күйөөсүнүн үстүнөн эч жерге арыз жазбаганы жана ал маалыматтар жалган экени аныкталган. Ал эми экинчи аялы тууралуу маселеге келсек, биринчиси мыйзамдуу аялы болсо, экинчиси мыйзамсыз. Бирок никелүү аялы болгондуктан ал кылмышка жатпайт экен. Ошондуктан анын үстүнөн иликтөө токтотулган", - деди Акин Токталиев.

Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалиловдун элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосу тараган. Анын мындай аракети интернет колдонуучулары тарабынан катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдрасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Ал эми жактоочусу Чубак Жалиловду Бишкек ШИИББине эки жолу чакырышып суракка алышканын айткан.

Кийин Чубак Жалиловдун мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна күйөөсү коркутуп жаткандыгы тууралуу жазган арызы делген сүрөт интернетке тарап, талкуу жараткан. Бишкек ШИИББинен да Гүлнур Жалилова күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен кайрылганы боюнча SUPER.KG порталына билдиришкен болчу.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Жалиловдун үстүнөн 2 факты боюнча иликтөө жүрүп жатканын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(28)
11.01.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Чубак ажы сизди Аллах колдосун!
11.01.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Туура маалымат жок экендаа аа. эң башкысы өлкөбүздө тынчтык болсун.
11.01.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Туура.Жакшы болуптур.Бир топ ырчы эжелерибиз экинчи аял болуп,аткаминерлерибиз экинчи,учунчу аялдары менен жашап келишет.Анан эле Чубак Ажыга асыла берген туура эмес.Эн башкысы уй-булоолорду ажыраштырган жок.Ансыз желе ажырашуу коп болуп атат элибизде.Жумурткадан кыр чыгарбай,айлананы бир карап алыш керек.Ажыбызга асылгандар да биринчи туугандарын,уул-кыздарынын жашоосуна бир карап алыш керек.Бактылуу,берекелуу омур Берсин Кудай Аалымдарыбызга.
11.01.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Комик го, экинчи аялы мыйзамсыз деп адвокаты озу айтып. Мыйзамсыз болсо жооп бериш керек да анда мыйзам алдында. Логика кайда?
11.01.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Чын туура сүйлөгөн адам барбы негизи Кыргызстанда.Бирөөнүн турмушуна кийлигишбей,өз жашооңорду оңдоп алгыла.Чубак ажыга тийишбегиле,ажыдай эле болуп алгылачы.Чубак ажы сизден Аллах ыраазы болсун.
11.01.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
nurbekasr, Кудай сактасын ага окшошууга... Бир катынды эптей албай жатып токол алган бироого ким окшошкусу келсин... Кудай сактасын...
11.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Too-tash,туура айтасыз сиз эч качан Чубак ажыдай боло албайсыз, күч кубатыңыз да жетпейт. Анткени ал аалым, бул нерсе ар бир инсанга буйруй бербейт ..жетпешиңизге көзүңүз жетиптир, өзүңүздүн дагы.
11.01.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким анда жалган маалымат таратты ошону жазалабайбы?
11.01.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чубак ажыны жамандагандарга тан калам, Чубак ажынын бизге пайдасы тийсе тийет зыяны тийбейт туугандар
11.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эми азыркы кездеги көнүмүш нерсе,атуу баштуулар күчү кызматы акчасынын арты менен кандай кылмыш ачылса же кылмыштуулугу билинсе абройуна атагына акчасына таянып ишти жаап койушат. Кандай болгон күндө да кыргызстанда тенсалмактуулук,акыйкаттык,жокко эсе,бул соттордун прокурор,тергөөчүлөрдун алдуу атактуу көрүнүктүү адамдардын абройлоруна көз каранды экени белгилүү. Жалган маалымат эместиги көрүнүп турат,болбосо абройума шек келтирди деп чычалап чыга калышчу эмес беле.
stimyl.kg түзөттү 2018-01-11 15:49:47
11.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстанда акыры бирөөгө ишегелиби кимге ишенели? Эмне ушундай болобереби? Анда мен деле эртең атактуу бирөөнү мисалы Сооронбайдын жакын адамы катары аны жамандап интернетке чыгарсам,анан кийин жалган экен деп,мени издебейт экен да э эч ким.
11.01.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Azatbek83, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
11.01.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Too-tash, жеке айтышууларга жол берилбейт.
11.01.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ортодогу чагымчылардын кылганы деп башында эле айткам. Чубак ажы сизге чооон бакыт,ден соолук каалайм.
11.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алса Чубак ажы алды аны мынча талкууладыңар айтбай жашыруун экиден аял алып жашагандар көп ал эмес экиден ээри бар аялдар деле бар
11.01.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Дагы беш-он күн маалымат булактарынан түшпөй күндүн темаларына айлант экен да.
11.01.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен арыз кагазга ишенген эмес элем , КРда алдыңкы илимдүү аялдардын сап башында турган аял мынчалык деңгээлде пастык кылып, бир жагынан күлкүү келээрлик деңгээлде жазышы мумкүн эмес эле. Күйөсүнө капа болгон убакта да, Азиза Абдурасулова өңдүү укук коргоочуларга кайрылбашы да анык көрүнүп турган.
11.01.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Salixa.,туура айтасыз.
11.01.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Salixa.,туура,жазган арызында ката жазылган создор бар эле.Эки тилди билген,билим алган адам андай ката создорду жазбайт эле
11.01.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кана кечээ эле жамандап атпадынар беле
11.01.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аял ала коёмун деп канча нерсеге кабылды бала чакысы деле ичинен сыздап аткандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: