super.kg logo

Казакстандык хоккейчи айымдар конькичен "Кара жорго" бийин бийлешти (видео)

 

Казакстандын хоккейчи айымдары муз үстүндө "Кара жорго" бийин бийлешти. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 10-январда Казак жергесинде хоккей жылдыздарынын жумалыгы башталган. Бул иш-чаранын алкагында казакстандык хоккей жылдыздары экиге бөлүнүп "Батыш" жана "Чыгыш" топтору болуп жолдоштук беттеш өткөрүшкөн.

Беттештин алдында "Батыш" командасынын мүчөлөрү кийим алмаштыруучу жайда орусиялык ырчы Ольга Бузованын "Мало половин" аталышындагы ырына бийлешип видео жарыялашкан.

Аталган видеого жооп катары "Чыгыш" командасы экинчи тыныгууда муз үстүндө "Кара жорго" бийин бийлешкен. Эки видео тең "Казак хоккей лигасынын" расмий баракчасында жарыяланган.

Оюндун жыйынтыгында "Чыгыш" командасы "Батыш" командасын 3:2 эсебинде жеңип алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.01.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Кара жорго бийи кимдики озу, казактар биздики дешет. Озу эгер биздики кыргыздыкы болсо эртерээк патенттеп алыш керек эле да регистрация кылдырып Манас эпосундай кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: