super.kg logo

Тайырбек Сарпашев менен журналист Талгат Бакиевдин соту 22-январга жылды

 

Экс-чиновник Тайырбек Сарпашев менен жабылып калган "Сентябрь" телеканалынын журналисти Талгат Бакиевдин соту 22-январга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган каналдын мурдагы жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди.

Маалыматка ылайык, сот 10-январда өтмөк. Бирок жактоочулар иштин материалдары менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сураган. Сот жактоочуларга бул үчүн 22-январга чейин убакыт берген.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев жабылып калган “Сентябрь” телеканалынын кабарчысы Талгат Бакиевди сотко берген. Сарпашевдин доо арызында "Ар-намысты, ишкерлик беделди коргоо жана моралдык зыянды компенсациялоо" деп жазылган. Жоопкер катары “Сентябрь” каналынын тийиштүү кызматкерлери, Абдылда Капаров (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) чакырылган.

Өмүрбек Текебаевди колдоо митингинде Капаровдун: "Бул бийликтин жарыгы кимге тийди? Азиз Батукаевге тийди, килем салып узатты. Бул бийликтин жарыгы кимге тийди? 20 миң доллардан Сирияга кетип жаткандарга паспорт саткан Сарпашевге тийди", - деп айтканы "Сентябрь" каналынан көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.01.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сарпашовду камаса камаса экен. Жасаган жумушунун дайыны жок жеп жутатар камалсын.
Aza17 түзөттү 2018-01-11 15:19:21
11.01.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурусу куч болсо ээсин доого жыгат деген ушу да...
11.01.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тайырбек Сарпашев камалсын!!!
11.01.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне иш кылды эле,
11.01.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фамилиясы бакиев соттой бересинерби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: