super.kg logo
  Саясат  

ОшМУ Ош шаарындагы “үлгүлүү окуу жай” деп табылды

 

Ош шаарында өткөрүлгөн жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнүн 2 айлыгынын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети “үлгүлүү окуу жай” деп табылып, шаардык мэриянын акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Окуу жай мындай наамга өз имараттарын жана анын айланасын, шаардын аймагындагы ОшМУга бекитилип берген көчөлөрдү, сейил бактарын тазалоодо, жашылдандырууда көрсөткөн активдүүлүгү, демилгелүүлүгү үчүн татыды.

Окуу жайдын жетекчиси Каныбек Исаков: "Университет  коомго бардык жагынан үлгү, демилгечи болууга тийиш экенин белгилеп, анын ичинде шаардын, айлана-тегеректин таза, көркөм болушу үчүн да ОшМУнун жамааты, студенттери ар кандай демилгелер менен чыгып, бардык иш-чараларга жакындан катышып келе жатат",- деп билдирди.  

Эске сала кетсек, ОшМУ  2013-жылдын жаз айлары башталары менен шаардын түштүк-чыгыш районундагы окуу имараттарынын алдынкы фасаддарын заманбап көрүнүштө жасап жүздөгөн арча, карагай көчөттөрүн отургузган, жашыл чөп майсаңдарын эккен, жол жээгиндеги тротуарларды оңдоп, бир топ арыктарды тазалаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: