super.kg logo

Акыйкатчы институту баласын ичке тепкен жарандын кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетиши боюнча прокуратурага кайрылат

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Октябрь райондук сотунун өз баласын ичке тепкен атаны жоопкерчиликтен бошотуп жибергенине нааразычылыгын билдирди. "Баласын тепкен атаны коё бериши - соттун адилетсиздиги", - дейт омбудсмен.

Жакынкы күндөрү Акыйкатчы институту Бишкек шаардык прокуратурасына баласын тепкен ата Бариер Адиевдин жоопкерчилигин көзөмөлдөөсүн сурап кат түрүндө кайрылуу жасамакчы.

Белгилей кетсек, 10-январда сот Чыңгыз Адамкулов Адиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча чечимин чыгарган. Ал өлкө аймагынан сыртка чыкпоо талабы менен сот залынан бошотулган болчу.

"Ал тургай баланын апасы дагы тосмо арыз жазып бериптир. Сот бул учурда баланын кичинекей жана алсыз экенин эске алышы керек болчу. Бул себептен Акыйкатчы институту баланын укугун коргоп, жакын арада шаардык прокуратурага кат жолдойбуз. Прокуратурадан окуянын алкагында мыйзамдуулукту жана адилеттикти орнотууну, баласына катаал мамиле жасаган ата тийиштүү жазасын алышын камсыздоону сурайбыз", - деди Оторбаев.

Акыйкатчынын айтымында, балдарга байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөө жана сот иштери жүрүп жаткан учурда мыйзамдагы мүчүлүштүктөр байкалат. Мындай учурлардан улуулар пайдаланып кетип жатышат деген пикирде.

"Тилекке каршы, сот иштеринде баланын атынан катышып жаткан ата-энелер, асыроочулар жана башка туугандары ар дайым эле жабыр тарткан баланын тарабын ала беришпейт. Буга байланыштуу токтотулуп калган иштерди изилдеп чыгып, атайын доклад даярдадык. Биз жүргүзгөн анализдин негизинде көпчүлүк кылмыш иштери тергөө учурунда эле же сотко жеткенден кийин токтотулуп калганын аныктап чыктык. Алардын дээрлик баары баланын физикалык жана психологиялык алсыздыгын эске албастан, алардын пикирин жана жаш бала экенин эсепке албастан, ата-энелер өздөрү тосмо арыз жазып берип койгондон токтотулган", - дейт акыйкатчы.

Анализденген материалдын алкагында Акыйкатчы институту Жогорку Кеңешке жиберүү үчүн норма иштеп чыккан. Нормада балдарга байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга жана мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштары каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.01.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылат. Айбанда баласына мееримин аябайт, бирок бул жерде аялын оз адамдары аркылуу коркуттуртуп, тосмо арыз жаздырткан бул ахмак.
11.01.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койгулачы э биз атабыздан тепки муш чыбык жеп эле чонойгонбуз эмиле каяктагы демократия деп уйронуп алып
11.01.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nuriyaeljan,тепки жесен ичине жегенсинби,алар оорубаган жерине кичине эле коркутуп коюшу мумкун,а бул баласын ичине,бойрогуно куч менен тээп жатпайбы?
11.01.2018. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыйкатчы баштаган иштин аягына чыгыныз, туура маселени козгопсуз, албетте тиги акмак жазасын алыш керек, саткын соттор сатылдыда дагы, тосмо арыз жазганына карабай кичинекей наристени кордогон учун мыйзам чегинде жазасын алыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: