super.kg logo

Айдоочулук күбөлүк алуучулар экзамен тапшыруу үчүн биометрикалык идентификациядан өтүшөт

 

2018-жылдын 15-январынан тарта айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жаңы автоматташтырылган электрондук тестирлөө ишке киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, авто мектепти бүтүп келген болочоктогу айдоочулар экзамен тапшырардын алдында биометрикалык идентификациядан өтүшөт. Ал бир адамдын ордуна башка эле бирөө барып экзамен тапшыруусун алдын алат.

"Болочоктогу айдоочу тестирлөөдөн өтүү үчүн алгач веб-камера аркылуу бет түзүлүшүнүн негизинде идентификациядан өтүшүп, автоматташтырылган режимде жарандын паспортундагы сүрөтү менен салыштыруу жүргүзүлөт. Эгер дал келбей калса тестирлөө токтотулуп, экзамендин жыйынтыгы жокко чыгарылат да, айдоочулук күбөлүк берилбейт", - дейт Азимбаева.

Белгилей кетсек, биометрикалык идентификация жол коопсуздугундагы реформалардын алкагында жол кыймылынын эрежелери боюнча теоретикалык экзамен алуу процессин жакшыртуу үчүн иштелип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.01.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гайишниктердин мойнуна камера илип бердинер эле эч нерсе озгорбоду го мунун да айласын табат да
11.01.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарибир озгорбойт, жеп жургондор мунуда эптеп жейт.
12.01.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авто айдоочуларга ото эле кыссым жасай баштады го,эми машинандан чыккан тутунун да кобураак болсо кармап щтраф салат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: