super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү сентябрь айына чейин узартылды

 
Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңеште биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн "Кумтөр" боюнча макулдашууну кайра кароо боюнча "Centera Gold Ink" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн билдирди. Алардын бул өтүнүчү Жогорку Кеңештин үч тармактык комитетинин 4-июнда өткөн биргелешкен жыйынында колдоо таап, парламенттин кароосуна киргизилген. Талкууда Жогорку Кеңештин депутаттары "Centera Gold Ink" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, кыргыз тараптын реалдуу активдери, Кумтөр аймагындагы “Давыдов” мөңгүсүнүн абалы, жалпы эле айлана-чөйрөнүн коопсуздугу боюнча суроолорду беришти. Ошону менен катар бир катар эл өкүлдөрү буга чейинки берилген 3 айлык мөөнөттө аткаруу бийлигинин жасаган иштеринин жетишсиздигин белгилешти. Бирок ошол эле маалда мамлекеттик кызыкчылыкты эске алуу менен дагы 3 ай мөөнөт берүүнүн зарылдыгы, ай сайын маалымат берип туруусу айтылды. Жыйынтыгында өкмөттүн "Centera Gold Ink" компаниясы менен буга чейин түзүлгөн келишимди кайра кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн 2013-жылдын 10-сентябрына чейин узартуу чечими камтылган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: