super.kg logo

Депутат Эргешов өкмөт өкүлүнөн оң рулдуу таксилерге тыюу салуу демилгеси эмне үчүн артка кайтарылганын сурады

 

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов өкмөт өкүлүнөн оң рулдуу таксилерге тыюу салуу демилгеси эмне үчүн артка кайтарылганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

"Жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн көпчүлүгү оң рулдуу унаалар болуп жатат. Эмне үчүн оң рулдуу таксилерге тыюу салуу демилгеси артка кайтарылды. Шаар ичинде тыюу салбасак дагы, чоң унаа жолдорунда тыюу салуу зарыл", - деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдиргендей, көпчүлүк жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. "Жол кырсыгына катышкан автоунаалардын 90 пайызы оң рулдуу унаалар болгон", - деди Орозалиев.

Өкмөттүн өкүлү оң рулдуу таксилерге тыюу салууну артка кайтаруу маселеси боюнча жумуш жүрүп жатканын айтты.

Эске салсак, 2018-жылдын башында ИИМ оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам долбоорун артка кайтарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.01.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге кайтарат 90% он руль катышкан авария болуп атса эмне 100% болгондо карайсынарбы коопсуздукту!!!
12.01.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айдай береличи эки жакты карап койуп.
12.01.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Он рулдуу такси айдаган агаларыбыз да уй булосун багуу учун иштеп жатышат да,аларга тыйуу салыш учун жумуш орундарын тузуу керек. Эн негизгиси уйдо сени кутуп жаткан жакындарын бар экенин унутпай,жол эресин сактап айдаса эле жакшы болмок
12.01.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Он рулдук таксилер коп болсо он рулдуу машиналар катышкан кырсык коп болот. Орун алмашуудан сумма озгорбойт дегендей да
12.01.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Же тыйуу салгыла же айдай берсин деп бир чечимге келгиле да журокту сыгып кайра кайра эзиле бербей
12.01.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он рулдуу таксиге отурган адам озу куноолуу,же бекер ташып жатыптырбы,андан башка автоунаа жок бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: