Депутат айдоочулук тажрыйбасы аз жарандар кичи автобус айдап жатканына нааразы болду
Бүгүн, 12-январда жол коопсуздугу боюнча "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өтүүдө. Анда депутат Нурланбек Макеев 18-19 жаштагы жарандар кичи автобус айдап жатканына нааразы болду.
"18-19 жаштагы балдар кичи автобус айдап жүрүшөт. Алар 30-40 адамды ташып жатат. Кичи автобус айдаганга 4 жылдык айдоочулук тажрыйба жетишсиз. Мурда 10 жылдык тажрыйба болуу зарыл эле. Ошол тартипке келишибиз керек. Мен 28 жылдан бери автоунаа айдап жүрөм. Бирок кичи автобус айдагандан азыркыга чейин корком", - деди депутат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев бул маселе эске алына турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

.