Күндүн нурлары адамды арыктатабы?
Окумуштуулар жасаган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, адамдын терисинин астындагы майлардын көлөмү күн нурунун таасиринен улам кичирейе турганы аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, күндүн белгилүү узундуктагы нурлары адамдын терисинен өтүп, липид тамчыларына таасир этип, алардын май клеткаларынан чыгарат. Ал эми кыш мезгилиндеги күн нурларынын аздыгы организмди липиддерди топтоого түртөт, мындан улам адам толуп кетет.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы дарыгерлерге арыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн ыкмаларын түзгөнгө жардам берет. Бирок азыркы тапта окумуштуулар адамдарга өз алдынча бул ыкма менен арыктоону сунуштабайт, анткени ар бир адамдын организми күндүн нурларын ар башкача кабыл алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.