super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Акылдуу шаар" долбоорун кытайлык компания эмес, мамлекет ишке ашырышы керек болчу"

 

"Акылдуу шаар" долбоорун кытайлык компания эмес, мамлекет ишке ашырышы керек болчу", - деп бүгүн, 12-январда "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Дамирбек Асылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор ишке ашса жол коопсуздугу эле эмес жалпы коопсуздук каралат. "Жалпы коопсуздук каралып жаткандан кийин мамлекет өзү эле ишке ашырышы керек болчу. 60 миллион доллар тапса болот эле го?!" - деди ал.

Эске салсак, "Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Тиешелүү документке кечээ, 11-январда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов кол койгон. Келишимге кол коюу иш-чарасы өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: