super.kg logo

Юрист: "Башкы прокуратуранын президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп маалымат каражаттарын сотко бергендиги туура эмес"

 

Бүгүн, 12-январда Бишкекте коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү жыйынга чогулуп өлкөдөгү басма сөз эркиндигин талкуулап жатышат.

Юристтердин пикиринде, Башкы прокуратуранын буга чейин "президенттин кадыр-баркына шек келтирди" деп айрым маалымат каражаттарын сотко берген аракети туура эмес болгон. Себеби Конституцияда мындай нормалар жок. Баш мыйзамда 2003-жылга чейин прокуратуранын президенттин кадыр-баркына шек келтирген тарапты сотко берүү укугу бар болсо, андан кийинки өзгөртүүлөргө бул норма кирбей калган.

Ошондой эле ЖМКларга жана журналисттерге карата сот тарабынан коюлган айыптын өлчөмдөрү туура эмес белгиленгендиги айтылды.

"Мисалы, сотто кайсы сөз президенттин кадыр-баркына шек келтирип жатканы конкреттүү каралбай жатты. Жалпылап гана көрсөтүлүп, ЖМК жана ага пикирин айткан адам сот тарабынан миллиондогон сомго айыпка жыгылды. Биздин анализ боюнча адам өлтүргөн жарандарга сот болгону 100-200 миң сом айып салган учурлар бар экен", - деди юрист Тимур Султанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактана турганыбыз сөз эркиндиги эле, аны да жок эсе кылып койду бийлик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: