super.kg logo

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысы жасалып жаткан реформалар тууралуу айтты

 

Бүгүн, 12-январда жол коопсуздугу боюнча "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өттү. Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев жасалып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

"Бүгүнкү күнү кызматтын иштерин жакшыртуу боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. 2017-жылдын декабрь айынан баштап жол коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жол кыймылынын катышуучулары менен байланышты жакшыртуу боюнча экзамен өткөрүлдү. Ар бир кызматкерге жолугуп Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жаткан маселелер жана коомдук талаптар боюнча жеткиргенге аракет кылдык. Башкармалыктын кызматкерлери кышкы кызматтык кийимдер менен камсыз болду. Бир кызматкердин кийими 4 миң сом болду. Ошондой эле жол коопсуздугун чагылдыруу үчүн басма сөз жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча атайын кызмат орундары ачылды", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: