super.kg logo

АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргыз өлкөсүн саякаттоо үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди

 

АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргыз өлкөсүн саякаттоо үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Департамент америкалык жарандар үчүн саякаттоого коопсуз өлкөлөрдүн тизмесин 4 топко бөлгөн. Биринчи топко жөнөкөй эрежелерди сактоо менен саякаттап келүүгө эң коопсуз делген өлкөлөр кирген. Бул тизмеге Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Чыгыш Европанын өлкөлөрү, Скандинавия өлкөлөрү кошулган.

Экинчи топко, ал өлкөлөргө барууда жогорку этияттык керек болгон мамлекеттер тизмектелген. Бул топко Украина, Франция, Британия, Испания жана башка Батыш Европа өлкөлөрү кирген.

Орусия болсо үчүнчү топтогу мамлекеттердин катарын толуктаган. Бул өлкөлөргө саякаттоону чечкен жарандарга мамлекеттик департамент чечимин кайрадан карап чыгуусун сунуштаган. Алардын билдирүүсү боюнча ал жерлерде терроризм жана агрессия күч алган. Аталган топко Орусиядан сырткары Түркия, Пакистан, Нигерия, Чад өлкөлөрү кирген.

Ал эми төртүнчү топко саякаттап баруу адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган өлкө деп эсептелген мамлекеттер кирген. Алар: Сирия, Йемен, Иран, Ирак, Афганистан, Кытай, Ливия, Мали Сомали, Судан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.01.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Америка озун бир дагы топко киргизген эмеско.
Американын Чон шаарларынын кее бир райондоруна турист эмес полиция озу баргандан коркот
gute түзөттү 2018-01-12 18:08:14
12.01.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Америкостор такыр келбей койсо да раазы элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: