Жаңы шайланган президенттердин ант берүү аземин Манас атанын күмбөзүндө өткөрүү сунушталды
Депутат Зарылбек Рысалиев шайланган президенттер "Манас Ордодо" ант берүүсү керектигин айтты. Эл өкүлү мындай пикирин Талас облусунун Кара-Буура районунда бүгүн, 12-январда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада эл алдында сүйлөп жатып билдирди.
“Манас атанын осуяттары бүгүнкү күндө да актуалдуу. Мен ойлой берем, жаңы президенттер шайланганда биринчи жумушка киришүү аземин ушул "Манас Ордодон" баштаса. Жаңы ажо күмбөзгө чейин 1 чакырымга жакын жөө басып, ал жеткиче эки жактан Манас айтылып турушу керек. Дүңгүрөп добулбас кагылса. Ошондо президентте эмне деген таасир калмак. Манас атанын күчү ушул жерде жатпайбы, туугандар. Биз ошону колдоно албай жатабыз.
Ошол жерден Куран окуп, зыярат кылып туруп, кырк чоро турган эстеликке келип, Конституцияны колуна алып ант берсе. Ушул жерден туруп "антымды бузсам Манас атанын арбагы урсун” десе. Мен анализ кылдым, ал үчүн эмне керек? Ар жактан коноктор келет аларды жакшы жерге жайгаштырыш керек. Мейманкана маселеси бар. Мамлекеттен тыйын бөлүнсө же гранттар келсе 4-5 кабаттуу жакшы шарты менен номурлары жакшы мейманкана курсак, келген коноктор жайгашмак”, - деди Рысалиев.



Элдин кыжырын келтирип.Ар кандай болбогон нерселерди которушуп.Эсинер барда этегинерди жыйгыла. Силерге окшогондордун ордун кыргыздын келечеги учун куйгон жаштарга бериш керек!
Ал эми клоун президенттердин ант беруу аземи деп кумбозду булгоонорго каршымын!!!