super.kg logo
  Саясат  

Израилдик бомбалоолордон Газа тилкесинде курман болгондордун саны 100гө жетти

 
Бир катар европалык маалымат агенттиктери кабарлагандай, дүйшөмбү күнү израилдик бомбалоолордон Газа тилкесинде 18 адам көз жумду. Муну менен Израилдин Палестин автономиясынын аймагындагы аскердик операциясы башталгандан бери курман болгондордун саны 100гө жетти. Каза болгон палестиндиктердин 24ү балдар болсо, 10у аялдар. Ал эми Израилде 3 адам каза тапкандыгы айтылууда. Кечээ 19-ноябрда Израилдин бийлиги палестиндик "ХАМАС" ислам кыймылына ультиматум койду: 36 сааттын ичинде Израиль тарапка ракеталык соккулар токтотулбаса, израилдик аскерлер Палестинге басып кирүүгө аргасыз болушат. Эске салсак, Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операциясы палестиндик боевиктердин Израилди бомбалоосуна жооп иретинде 14-ноябрда башталган. 14-ноябрдан бери Израиль тарап 1000ден ашуун аба соккуларын ишке ашырды. Соккулар негизинен "ХАМАС" кыймылынын согушчандары жайгашкан объектилерге болууда деген маалыматтар бар. Өз кезегинде согушчандар да Израилди көздөй аба соккуларды узатышууда. Бирок ал соккуларды израилдик асман чабуулунан коргонуу системи ийгиликтүү кайтарууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: