ЖЫЛНААМА, 14-ЯНВАРЬ: 24 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби кабыл алынган

1994-жылы 14-январда "легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин жыйыны мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн.
Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын түзүлгөн комиссиялардын элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңештин жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби катары кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин авторлору - Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев.
14-январдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Shekeev969798

14.01.2018. 23:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буркут отоле акконул корунот Кичине сурдуу болгондо
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.