super.kg logo

Белгилүү футболчу Уэйн Руни алдамчылык жол менен 100 миллион сомго чукул пайда көргөн адамды кармоого жардамдашты

 

Белгилүү футбол жылдызы Уэйн Руни алдамчылык жол менен 100 миллион сомго чукул пайда көргөн алдамчыны кармоого жардамдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, британиялык Дэвид Ренни аттуу адам белгилүү футболчулардын кол тамгаларын окшоштуруп, футболкаларга өзү кол коюп сатып жүргөн. Алардын арасында Рунинин футболкалары да болгон. Ал бул алдамчылык аракеттери менен миллион фунт стерлингден ашуун каражат тапкан. Мындан улам футболчу Дэвид Ренни саткан футболкалардын арасында анын кол тамгасы түшүрүлбөгөнүн ашкерелеп, көрсөтмө берген.

Ошондой эле аталган маалыматта алдамчылыкка шектелип жаткан Дэвид Ренни 12-январда тартип сакчылары тарабынан камакка алынганы, аны менен бирге аялы дагы айыпталып жатканы айтылат.

32 жаштагы Уэйн Руни Англиянын премьер-лигасындагы эң эле таанымал чабуулчулардын бири. Футболдук карьерасын Англиянын "Эвертон" футболдук клубунан баштап, кийин "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунда 13 жыл ойноп команданын лидерлеринин бири болгон. 2017-жылы кайра "Эвертонго" кайтып келип, учурда спорттук карьерасын улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.01.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Руни азамат кыйын футболист.
Декабрьда Оорулуу балдарды дарылоо учун 3 кайрымдуулук фондго 840 мин евро болуп берген.
gute түзөттү 2018-01-14 16:31:17
14.01.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин пайдасыз миллионерлерге кайрымдуу иштерди жазаганды келип уйротуп кетсе жакшы болмок. Оздорунун курсагын эле ойлошот биздики
14.01.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Через себянын корольу Руни!Азаматсын!Мыкты оюнчу
14.01.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Руни молодец!
14.01.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Руни менин футболго болгон кызыгышымды себепчиси.Мен эң урматап, жакшы көргөн футболчу
15.01.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 миллион сом дейби? Эмне ал алдамчы футболкаларды сом менен сатчу бекен же долларды сомго алмаштырып койчу бекен? Доллар эле болсо керек го дейм. Кабарды жазган журналист азамат экен, логикасы кучтуу ))).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: