Малик Осмонов, депутат: "Качанкыга чейин депутаттарга жалган жалаа жаба беришет?"
5-июнда Ош-Бишкек багытындагы учак учпай, аэропортто 2 сааттан ашык кармалганын ЖКнын 6-июндагы жыйынында депутат Малик Осмонов билдирди. Айтымында, аэропортто иштегендер “40 депутат бар, ошолор келсе бирге учасыздар” деп жүргүнчүлөрдү кармап турушкан. “Ал жерде бир дагы депутат болгон эмес. Транспорт жана коммуникация министрлигинин жан-жөкөрлөрү чыккан. Ал жердеги аксакалдар “депутаттардын жаман жоругунан аларды кет деп жатабыз” дешкен. Качанкыга чейин жалган жалаага калып отура беребиз? Эмгекти биз кылабыз да жаман атка биз конобуз. Ушул ишти териштирүүңүздөрдү талап кылам”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

