ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндүн мал базарындагы тыгындан улам мал адамдардын бутун тебелеп, сүзүп, жыгылтып кетет" дейт окурман






Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында жайгашкан мал базарда шарттар каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, базардагы тыгындан улам мал адамдардын бутун тебелеп, сүзүп, жыгылтып кетет.
"Көпчүлүгү тыгында жыгылып, кийимдери булганат, мал тебелеп, сүзүп жаракат алып кеткендер да болот. Мал базардын ичине Портер унааларын киргизип койгон, жердин көбүн ошол унаалар ээлеп калат. Сатуучулар менен кардарлар тыгындан улам ала турган же сата турган малын жакшылап карап, байкап көрүүдө кыйналат. Базардын администрациясы ар бир кирип-чыккан Портерден 20 сомдон акча алат, акчасына эле кызыгып киргизе бергени менен эл кыйналып жатат. Жылкы саткандардан 100 сом, бодо мал саткандардан 70 сом, кой, эчки саткандардан 30-50 сомдон алынат. Бирок шарт каралган эмес, тыгындан мал алып келген эмес, бош адам өтө албайт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кыскасы, койгойлор коп, аларды чечейин деген жан корунбойт, баары эле кызыл кекиртек, алганды, "жегенди" гана билишет...
Ошол мал базардын администрациясы мал базарды иреттеп, ондоп, кеминде 2 эсе кенейтип, (мал, кой, жылкы сатылган ар бир базардын аянтын 2-3 эсе кенейтип), ашканаларды мал базардын сыртына, озунчо жерге жайгаштырып, аларды санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бергидей денгээлге алып келгиче, Озгондун мал базарын жаап кою керек, район акимчилиги тарабынан...
Мал алып-сатсанар малга окшоп калбай, кичине шарт тузгонду уйронгуло да озунорго, кардарларга...
Уят, уят чондорго, ач коз баары, акыретин ойлонушпайт...
талону жоктордон 50 сом ветеринарга 25 сом портнрге 20сом талонго 50сом ошентип эле алышат уй базары өтөө тыгын балчак эле болот
Тартипсиз эч нерсе өнүкпөйт.
Базаркомго айтып бир тартип, иретке келтирүүсү керек.
Ал эми малдар портерде да мынчалык кысылып турбаса керек эле, мал базардагыдай...