super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери: "Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арызын берди деп уктум"

 

"Өмүрбек Бабанов мандатын тапшыруу боюнча арызын берди деп уктум", - деп бүгүн, 15-январда SUPER.KG порталына "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, ал Бабановдун арыз бергенин көргөн жок, бирок уккан.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов аталган комиссияга бул боюнча арыз түшө электигин айтты.

Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. БШК анын ордуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясына депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн экенин билдирген.

4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: