super.kg logo

Органын алмаштырган бейтаптар үчүн өлкөдө тиешелүү дары каражаттар жетишсиз жана кымбат

 

Кыргыз жергесинде органдарды трансплантациялоо маселеси курч болууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда "Жашоо үчүн үмүт" бейтаптарды колдоо уюмунун мүчөлөрү маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө акыркы 5 жылдын ичинде органдарды трансплантациялоо жана органын алмаштырган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү маселеси курч бойдон калууда. Бөйрөк жана боор органдарын алмаштыруу үчүн өлкөнүн жарандары чет жерге чыгууга мажбур. Жогорудагыдай операциялар Кыргыз өлкөсүндө жасалат, бирок тажрыйбалуу адистер жетишсиз.

"Азыркы тапта Кыргыз жергесинде органын алмаштырган 250 адам бар. Анын ичинен 25 бейтап гана операцияны Бишкек шаарында жасатышкан. Мындай операцияны жасатып келген адам өмүрүнүн акырына чейин тиешелүү дарыларды ичип туруусу зарыл", - дешти аталган уюмдун мүчөлөрү.

Бирок Кыргыз жергесинде жогоруда айтылган бейтаптар керектөөчү "Програф", "Селлсепт" өңдүү дарылар жетишсиз жана баасы кымбат. Мындан улам көп каражат коротуп операцияны чет жерден жасатып келип бирок тийиштүү дарылардын жетишсиздигинен улам каза болуп калган бейтаптар да жок эмес.

"Жашоо үчүн үмүт" уюму Кыргыз өлкөсүндө органын алмаштырган адамдар дарылана турган атайын бөлүм ачууну жана мындай бейтаптардын ден соолугуна кам көрө турган адистерге чет өлкөдөн билим алып келүүсүнө шарт түзүүнү сунушташты.

"Азыркы тапта биздин уюм органдарды трансплантациялоо жана дарыларды жеткиликтүү кылуу боюнча иштелип чыккан жобону Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштап жатабыз. Эгерде биздин сунуштар эске алынса бейтаптардын дарылануусу жеңилдемек", - деп билдирди уюмдун жетекчиси Уран Ибраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: