Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде белгилүү актёр Камчы Сарыбаев конокто болот
SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - "Дем" театрынын актёру, бир топ кыргыз тасмаларында оң да, терс да каармандардын ролун ийинине жеткире аткарган Камчы Сарыбаев.
Актёр 1978-жылы 7-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, ошол эле убакта өлкөдөгү радиолордун бирине ди-джей болуп кирген. Андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим Аяз ата" жана башка тасмаларда роль жараткан. 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын алган.
Камчы Сарыбаев үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.
Таланттуу актёрго бере турган суроолоруңуз же кандайдыр бир сунуш, ой-пикирлериңиз болсо, +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Актёр 17-январда саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
кошулду
17-январда Камчы Сарыбаев Түз эфирде конокто болот

Рахмаат
"Боз салкын" тасмасында "бүктөп коём" деп айтып, ролду мыкты аткарганыңыз жагат )))))
Конок болуп тордон орун алыңыз
Куйормандардын суроолорун унутпай Алып бааручуу тегиз окуп суроо узатып коюнуз
Эгер баарын так аткарбасаныз Бүктөп коёт сизди дагы абайлан! ! Саламатсызбы Камчы байке сизге ийгилик каалайм! Сизге суроо боз салкын тасмасында (буктоп коём )деген сөз эмне себептен жаралган