super.kg logo
  Саясат  

Депутат: “Таластын прокурору менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча иш жүргүзгөн жок”

 

Бүгүн, 15-январда парламенттин комитет жыйынында саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер тилкелеринин абалы тууралуу каралып жатат.

Баяндаманы вице-премьер министр Чолпон Султанбекова жасады.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков аталган маселе боюнча комитетке иш кагаздары расмий тилинде келип жатканын айтты. "Баяндамаңызды кыргыз тилинде жакшы баштадыңыз. Комитетке жөнөткөн иш кагаздардын баарысы эмне үчүн расмий тилде келип жатат? Эске алып койгула", - деп Момбеков Султанбековага кайрылды.

Депутат Талас шаарынын филармониясынын жери 11 миң сомго менчиктештирилип кеткенин айтты. "Филармониянын тагдыры эмне болду? Эч кимиңер билбейсиңер. Убагында жер 11 миң сомго менчиктештирилип кеткен. Талас мамлекеттик университет ачабыз дешкен. 1997-жылдан бери соттошуп жатат. Соттун чечими менен жер мэрияга берилиптир, бирок курулуштун ээси жок. Имарат курула турган болсо, 28 ишкананы ичине киргизсе болот. Ошондо 28 ишкана бошойт. Алардын катарында 7 бала бакча бошойт", - деди Момбеков.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев бул боюнча маалыматы жоктугун айтып, депутат айткан фактыларды жазып алып жатканын билдирди. "Иш жүрүп жатат. Сиз айткан фактыларды жазып алдым", - деди Дүйшембиев.

Депутат Талас облусунун прокурору иш жүргүзбөгөнүн билдирди. "Таластын прокурору иш жүргүзгөн жок. Контрабанда менен иш жүргүзүп жатат", - деди эл өкүлү.

Прокурордун орун басары: "Бул боюнча фактыларыңыз болсо бизге бериңиз, териштиребиз", - деп жооп кайтарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: