super.kg logo

Орусияда бычак менен куралданган эки өспүрүмдүн мушташынан улам 13 адам жаракат алды

 

Орусиянын Пермь шаарында бычак менен куралданган эки өспүрүмдүн урушунан улам 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-январда Пермь шаарында жайгашкан №127-мектепте болгон. Анда эртең менен сабакка келген 10-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр чыгып, уруша кетишкен.

"Алардын экөөндө тең бычак болгон. Окуяга күбө болгон окуучулар жана бир мугалим өспүрүмдөрдү ажыратканга аракет кылышкан, натыйжада 12 окуучу жана 1 мугалим ар кандай жаракаттарды алышып ооруканага жеткирилишкен.

Окуя болгон жерге тиешелүү органдар келип мектепти курчоого алып, окуучуларды мектептен чыгарышкан. Ал эми кылмышка шектүү деп эки өспүрүм кармалып, аларга кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта окуу токтотулуп, кырсык болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча окуя сабак учурунда болгон, өспүрүмдөрдүн ортосундагы чыр эмнеден келип чыккандыгы такталууда.

Кылмышка шектүү деп кармалган өспүрүмдөрдүн бири аймактык психоневрологиялык диспансердин каттоосунда тургандыгы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.01.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чочко этин жеп,чочко болуп калышканго!
15.01.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер берген маалымат туура эмес,озум ошол шаарда мектепке жакын эле жерде жашайм,окуя башкача болгон,ал эки бала урушкан эмес, биринчи балдарды анан мугалимди бычактап кийин оздорун оздору олтурмок болушкан, кылмышкердин бироосу окуудан айдалып кеткен экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: