super.kg logo

Өкмөттө "Аймактарды өнүктүрүү жылы" жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу боюнча талкууланды

 

Бүгүн, 15-январда премьер-министр Сапар Исаков президенттин 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" тууралуу жарлыгын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы республиканын калкы жашоо сапатынын реалдуу өзгөрүүсүн сезүүсү үчүн облустарды ырааттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Сапар Исаков аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз кеңешмелердин алкагында бардык облустар боюнча иш-чаралар планы бекитилгендигин эскертти.

Өкмөт башчы маалымдагандай, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, ал тыкыр иш-аракеттер планын иштеп чыгат. Ошондой эле Сапар Исаков белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу жыйынтыкталган соң, ал өлкө аймактарында да ишке ашырылмакчы.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев маалымдагандай, премьер-министрдин мурдагы берилген тапшырмасына ылайык, өлкө аймактарынын социалдык инфраструктуралык жана санитардык абалын жакшыртуу үчүн өкмөттүн буйрук долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, республиканын шаарларынын жана калктуу пункттарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоодон өткөрүү боюнча бир катар иш-чаралар каралууда.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептерди компьютердик техника менен камсыздоо жана билим берүү мекемелеринин бүткөрүлбөгөн имараттарын жыйынтыктоо иштерин тездетүүнү тапшырды.

Буга катар Сапар Исаков аймактардагы ооруканалар ырааты менен Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунун мисалында капиталдык реконструкциядан өткөрүлө турганын белгиледи.

Өкмөт башчы бардык тийиштүү мамлекеттик органдар президенттин 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" катары жарыялоо тууралуу жарлыгын талаптагыдай ишке ашыруу боюнча күч-аракетти жумшоосу зарылдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: