super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Мал базардагы маселе боюнча эч ким кайрылган эмес, биздин кабарыбыз болсо мурда эле текшерүү жүргүзмөкпүз" дейт акимдин орун басары

 

"Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында жайгашкан мал базарда шарттар каралган эмес" - деген билдирүүнү 10-январда "Элдик кабарга" окурман жиберген. Өзгөн районунун акиминин орун басары Бактыбек Алайчиев бул маалымат боюнча жооп берди.

"Бул маселе боюнча эч ким кайрылган эмес, ошондуктан менде базарда мындай абал орун алып жатканы тууралуу маалыматым жок. Бирок бул жерде экотехинспекция жана ветинспекция иш аткарышат. Базардын жери жеке ишкердин колунда. Биздин жоопкерчиликке ветеринардык жана экологиялык коопсуздукту кароо жана текшерүү кирет. Эгерде буга чейин бул маселе боюнча адамдар өздөрү кайрылганда, биз атайын комиссия түзүп, текшерүү иштерин жүргүзмөкпүз. Эми базарды кеңейтүү жолдорун карайбыз", - дейт Бактыбек Болбурович.

Айта кетсек, "Көпчүлүгү тыгында жыгылып, кийимдери булганат, мал тебелеп, сүзүп жаракат алып кеткендер да болот. Мал базардын ичине Портер унааларын киргизип койгон, жердин көбүн ошол унаалар ээлеп калат. Сатуучулар менен кардарлар тыгындан улам ала турган же сата турган малын жакшылап карап, байкап көрүүдө кыйналат. Базардын администрациясы ар бир кирип-чыккан Портерден 20 сомдон акча алат, акчасына эле кызыгып киргизе бергени менен, эл кыйналып жатат. Жылкы саткандардан 100 сом, бодо мал саткандардан 70 сом, кой, эчки саткандардан 30-50 сомдон алынат. Бирок шарт каралган эмес, тыгындан мал алып келген эмес, бош адам өтө албайт", - деген окурман.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.01.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол мал базарды эски сайдын боюна жылдырыш керек ото эле баш аламан болуп кетти.
16.01.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Koichuman, азыркы орду жаман эмес, болгону тар, базарды кенейтишсе проблема жоюлат...
16.01.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип билбейт, Озгондун негизги мал базары болсо, Озгон шаарынан алыс болбосо... Шылтоонорду койгулачы, "чондор"...

Азыр мал базарлар бут эле жеке ишкерлердин колунда. Бирок ошол базарды иштетуу учун жеке ишкер Окмт белгилеген талаптарга ылайык иш алып барышы керек, мал базарда шарт болушу керек.

Элдин талабы жонокой: мал базар кеминде 2-3 эсе кенейтилсин, ашканалар тышка чыгарылып, санитардык-гигиеналык тазалык сакталсын. Болгон талап ошол эле...
16.01.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хм эч кимден арыз тушкон жок деп отура бергиле чыйт тукуруп атангору деп койуп : Молодцы,мамлекеттен бекер акча алып журо бергиле
Atas түзөттү 2018-01-16 00:50:59
16.01.2018. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кыйратканарды коробуз. Жон эле жеп жатканбыз, силердин шартынардан да акчасы керек болуп жаткан бизге дединерда
16.01.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акимдин орун басары Өзгөндө ошончо чоң мал базары жөнүндө түшүнүгү жок болсо билбесе, эмнеге иштеп жүрөт акимятта кабинет ээлеп айлык алып.Биротоло акимдин орун басарын да алмаштыруу керек экен эч нерсени билбесе.Мал базардакы бардак тыгынды Өзгөн эмес Ош,Кара кулжа,Кара суудакы жаш мектеп окуучулары билет.
16.01.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каракол мал базарда мындан жаман болчу кичине онолуп келе атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: