super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Боинг кырсыгынан каза болгондордун балдары жана туугандары менен жолукту

 

Бүгүн, 15-январда президент Сооронбай Жээнбеков Боинг кырсыгынан каза болгондордун балдары жана туугандары менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи. "Ал күндөрү бүт өлкөбүз оор жоготууну баштан кечирип жатты. Терең кайгыруу менен дагы бир жолу сиздерге көңүл айтам", - деди президент.

Жолугушууда жабыркагандардын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова көңүл буруп, кайгысын тең бөлүшкөнү, берилген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Муну менен бирге социалдык түйүндөрдө жана маалымат каражаттарында жабыркагандарга бөлүнгөн акча каражаттары жана гуманитардык жардам жөнүндө туура эмес маалымат таркатылган бир катар жагдайларды дагы белгиледи. Анын айтымында, жабыркагандар өздөрү бир да жолу нааразычылык айткан эмес.

"Жабыркагандар өкмөттүк комиссия менен биргеликте тыгыз иштешти. Биздин бир да маселебиз, көйгөйүбүз чечилбей калган учур болгон эмес. Бардык акча каражаттары, анын ичинде Кыргыз мамлекетинин кайдыгер эмес жарандары тарабынан чогултулган каражаттар биз каалагандай, биз айткан сунуштарды эске алуу менен бөлүнүп берилди", - деди Венера Шейшенова.

Президент менен болгон жолугушуунун соңунда балдар белекке планшет алышты.

Маалымат боюнча, ата-энесинен айрылган балдарга атайын улуттук жана чет өлкөлүк валюталык пайыздуу депозиттик эсептер ачылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ачылган атайын эсепке чогулган акча каражаттардан бөлүнгөн жана Түркия тараптан компенсация иретинде төлөнүүчү акча каражаттар балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын атайын эсебинде сакталат.

Эске салсак, Боинг-747 учагы 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагына кулап, 39 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
15.01.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кунолуу адамдарды табам деп соз бере алат бекен? Урматтуу президентибиз
15.01.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жаш баланын конулун которуп президент ордуна олтургузуп койуптур э. Алла ыраазы болсун!
15.01.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aibek8992, Жаштын тилегин берет. Кудай насип кылса президент да болот.
16.01.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке брат күнөлүү адамга иш козгоп койчу эркекче. Ким күнөлүү экенин ар бир кыргыз билет. Кудай жеткизсин күнөлүү жүктүн ээсине
Adiletia түзөттү 2018-01-16 09:10:16
15.01.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сокеда и Айгул женешада ыймандуу эле адамдар окшойт.
15.01.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Лучше поздно чем никогда!! " Мына бул башка кеп! А то, АША как будто туболук жашачудай маркумдарды эске алып да койгон жок!
15.01.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
деги ушул акыркысы болсо экен.Ушул жакындарын жоготкондорго жылуу эле соз керек.Убакыт даарылайт деп койобуз бирок бул кун оной эле унутулбайт.Ушул артында калгандар аман болушсун.Артында калган балдар бийиктикке жетсин.
15.01.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буйруса Жаны президенттен умут чон! Айрыкча шаарларды онуктуру программасы абдан жакты!
16.01.2018. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул президентибиз да кырсык болгон жерге бара албаптыр. Барып куран тушуруп койсо болмок. Аларды кайра кайра кок уйго чакыра бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: