super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Таласта өкмөт башчы келерде тазаланган жол ал кеткенден кийин каралбай калды" дейт окурман

 

"Талас облусунда өкмөт башчы Сапар Исаков иш сапары менен келерде тез убакытта тазаланган жол ал кеткенден кийин кароосуз калды", - деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsАpp аркылуу жиберген.

"Өткөн аптада өкмөт башчы Сапар Исаков иш сапары менен Талас облусуна келген. Ошол убакытта жергиликтүү жол эксплуатациялоо башкармалыгы тез убакытта жолдорду тазалап, кум сээп койгон. Бүгүн, 15-январь күнү жааган карды түштөн кийин дагы тазалашкан жок. Жол тайгалак болгондуктан жүк ташуучу машина жолдон чыгып кетти. Өкмөт келерде эле ушинтип укмуш иштеп, андан башка күндөрү каралбай калат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
15.01.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жат корунуш эмес
Баардык эле областтарда ушул акыбал
Закон деген жок
15.01.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айтырбай барып корсо болмок!
16.01.2018. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айттырбай барып текшериш керек да озу, Анан алдын ала айтып , дастаркон жайдырып, малын сойдуруп жеп келе бербей конокко баргандай.
16.01.2018. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл менен жолуккандан кийин айтып баратта.баардыгы даяр болуп турушу керек.жон эле барып алып эмне кылат.
22.01.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orun, altyw95jan, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: