super.kg logo

Филиппинде вулкан атылып чыгуусу күтүлүүдө. 12 миң тургун эвакуацияланды

 

Филиппин бийлиги Майон вулканынын активдешүүсүнөн улам 12 миң адамды чыгарып кетүү боюнча буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кооптуу делген Лусон аралындагы Майон вулканынын 7 чакырым аралыгында жашаган жергиликтүү тургундарды чыгарып кетишти.

"Акыркы күндөрү вулкандын атылып чыгышы боюнча күркүрөгөн үн менен ыш жана лаванын алгачкы белгилери байкала баштаган. Адистердин айтуусу боюнча, мындан кийин вулкандан ууландыруучу газдардын чыгышы орун алат. Жанар тоонун атылып чыгышы коркунучтун 3-деңгээлине бааланган. Ал эми жалпы көрсөткүчтө 5 деңгээлге чейин болот", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле чет элдик маалымат басылмалар Майон вулканы - акыркы 400 жылда 51 жолу козголгонун жазышты. Вулкандын 1814-жылдагы атылып чыгуусу трагедияга алып келген. Анда жалпы эсепте 1200 адам каза болуп, 1 шаар лаванын алдында калганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: