super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар жарыяланган учурда Бишкек-Ош аба каттамына билеттер арзандай турган болду

 

Өлкөдө өзгөчө кырдаалдар жарыяланган учурда Бишкек-Ош аба каттамына билеттер арзандай турган болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча "AirManas", "Avia Traffic Company" жана "TezJet" авиакомпаниялары Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, Бишкек-Ош-Бишкек каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27 пайызга төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек-Ош унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынгандан кийин авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат", - деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматы билдиргендей, 11-январда премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине ата мекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

"Жарандардын катаал аба ырайында Бишкек шаарынан Ошко тез жана коопсуз жетүүсүн жана артка кайтуусун камсыз кылуу үчүн билеттердин баасын төмөндөтүү боюнча авиакомпаниялар менен макулдашуулар жүрдү. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн чечилиши зарыл, абдан маанилүү маселе болгон. Аны менен катар Бишкек-Ош автожолунун стратегиялык маанисин жана андагы тынымсыз жол кыймылынын камсыздалышын эске алуу менен, мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык тийиштүү күчтөрү мобилизацияланды", - деп билдирген Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.01.2018. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы демилге экен. Ойлонгондорго алкыш
16.01.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жумасына бир жолу Бишкек Исфана Бишкек каттамы да бар..... аны да эстен чыгарбагыла.
16.01.2018. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
barsbegKG,жумасына 2жолу каттайт Бишкек-Исфана.
16.01.2018. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошону озгочо кырдаал учурунда эмес. Жон кундор да ушундай рейс кылсанар болмок. Кудай сактасын озгочо кырдаалдан
16.01.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aldynky kunu barip keldim 3800som kymbat bir bany bekitsener jakwy bolmok
16.01.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а эмнеге баткенге жок мындай женилдик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: