super.kg logo

Ракты сода менен айыктырмакчы болгон италиялык дарыгер 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

 

Италияда рак илдетинен айыгуу үчүн дарыгердин сунушу менен аш содасын дары каражаты катары пайдаланган бейтаптын тагдыры өлүм менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазып чыгышты.

Дүйнөлүк маалымат басылмалары жазгандай, сот дарыгер Тулли Симончинге карата өкүм чыгарып, "мыйзамсыз иш алып баруу жана адам өмүрүн атайлап кыйган" деген айып такты. Чечимге ылайык, ал 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Аны менен кошо күнөөлөнүп жаткан кесиптеши, рентгенолог Роберт Гандин 2 жылга шарттуу кесилген.

"Дарыгерлердин курмандыгына айланган катаниялык 27 жаштагы Лук аттуу жигит болгон. Ал залалдуу шишикти дарылатуу үчүн Тулли Симончинге кайрылгандыгы аныкталган. Жаш жигит туура эмес дарылангандыктан организмде уулуу заттар көбөйүп, жүрөгү ооруп, ал өлүмдүн бир себеби болгон", - деп жазат басылмалар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: