Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны Боинг кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен башталды
Бүгүн, 16-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны Боинг кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен башталды.
Мындай сунушту “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова киргизди. “Бүгүн Боинг кырсыгына бир жыл болуптур. Каза болгондорду эскерүү менен жыйынды баштасак”, - деди депутат.
Анын сунушун депутаттар колдоп, каза болгондорду эскеришти.
Эске салсак, өткөн жылы 16-январда таңкы саат 07:17 чамаларында түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы "Манас" аэропортуна жакын турган Дача-СУ аймагына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, учак экипажынын төрт мүчөсү каза болуп, бир нече үйлөр кыйраган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:10
2025-07-17

11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azatbek83

16.01.2018. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жуктун ээси арабызда!Эшек такалабай ошону айткыла жазасын алсын!Табам деген камалып жатат!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.