Кыргыз-Кытай чек арасынан оор жүк ташуучу унаанын кузовунда жашырынып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргыз-Кытай чек арасынан оор жүк ташуучу унаанын кузовунда жашырынып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-январь күнү чек арачылар тарабынан эки Кыргыз жараны кармалган.
"Кыргыз-Кытай чек арасында Shacman үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында 1989-жылы туулган А.Т. аттуу жарандын унаанын кузовуна жашырынып алганы белгилүү болгон. Анда эч кандай уруксат берүүчү документтер болгон эмес. Учурда айдоочуга жана А.Тга айып салынды", - деп билдиришти чек ара кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
jumaev0084

16.01.2018. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Т деген ким ошондо Кыргызбы же Кытайбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.