super.kg logo

Режиссёр Марат Козукеев толугу менен аягына чыгара албай калган "Керээз" спектаклинин бет ачары өтөт

 

23-24-25-январь күндөрү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, режиссёр Марат Козукеевдин эң акыркы, толугу менен аягына чыгара албай калган “Керээз" спектаклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган театрдын Адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

"Драматург Кайрат Иманалиевдин “Керээз” тарыхый драмасы XVIII кылымдагы кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны Боронбай Бекмурат уулунун ой-дүйнөсүн чагылдырат. Ошол кылымдагы туңгуюкка кептелген кыргыз элинин тарыхы жана андан чыгуунун жолдору, Боронбай бийдин дүйнө таанымы сүрөттөлөт. Ал уюткулуу кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырган керээзин калтырат. Ал керээз - бүгүнкүгө сабак. Маркум Марат Козукеев аталган спектаклди даярдап, элге тартуулай турган мезгилинде дүйнө салды. Кесиптештери ал баштаган ишти таштабастан аягына чыгарып, жакынкы күндөрү эл сынына коюу алдында турушат", - дейт Рыскул кызы.

Ошондой эле аталган спектаклде: Чоро Думанаев, Азиз Мурадиллаев, Аскат Сулайманов, Эгемберди Бекболиев, Жамиля Сыдыкбаева, Шайгүл Алсеитова, Тынара Абдразаева баштаган бир топ белгилүү актёр-актрисалар роль жарата турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: