Оштон Казакстанга фура менен алма ташып бараткандарды Таластан тосуп алып тоногон деген шек менен 8 адам кармалды
Оштон Казакстанга фура менен алма ташып бараткандарды Таластан тосуп алып тоногон деген шек менен 8 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Талас ОИИБинин маалымат кызматынан 16-январда кабарлашты. Маалым болгондой, Ош облусунун Ноокат районунун Б.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, арыз ээси эки адам болуп 13-январь күнү түнкү саат 4 чамаларында фура менен Оштон Казакстандын аймагына Талас облусу аркылуу алма ташып баратканда белгисиз адамдар экөөнү ур-тепкиге алып, тоноп кетишкенин айткан.
Факты боюнча Бакай-Ата РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө аракетинин натыйжасында шектүү катары 14-январь күнү аталган райондун 8 тургуну кармалды. Кармалган адамдар жабырлануучулардын 400 сомдон ашык акчасын жана эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Учурда алар РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.


Кудайга шугур келтируунун ордуна,тарбия ынсап ыйман арабызда тугонуп барууда.