super.kg logo

Кылычбек Султан: "Кореяда иштеген мекендештерибиздин үчтөн бири мыйзамсыз жүрүшөт"

 
Кореянын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуусунан.

Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы Толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан «24.kg» агенттиги менен дипломатиялык кызматтагы тажрыйбасы жана келечектеги пландары тууралуу ой бөлүштү.

— Кылычбек мырза. Расмий булактарда сиздин фамилияңыз «-ов» мүчөсү жок жазылууда, фамилияңызды өзгөрттүңүзбү?

— Фамилиямды өзгөрттүм дегенге караганда, тууралап жаздырдым дегеним ылайыктуу болсо керек. Кыргыз эли үчүн фамилияларда «-ов», «-ова» сыяктуу мүчөлөрдүн кошулушу өз актуалдуулугун жоготту деп эсептейм. Ошондуктан эки жыл мурда фамилиямдан «-ов» мүчөсүн расмий түрдө алдырып салгам. Негизи эле Кыргыз мамлекетинин жарандарынын аты-жөнүн жазуу эрежелери жана ошондой эле «-ович», «-овна» сыяктуу кайрылуу салты кайрадан каралып чыкса туура болмок. Бул эми өзүнчө чоң тема.

— Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалганыңызга аз гана убакыт болду. Буга чейин Малайзияда 2 жылдай элчи болуп турганыңызда кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз?

— Көп ийгиликтерди жараттым деп ишенимдүү айта алам.

Эки өлкөнүн эли, ишкерлери бири-бири тууралуу кененирээк маалымат ала башташты. Жыйынтыгында, бир эле жыл ичинде ал өлкөгө экспортубуз 85 эсеге өстү. Малайзияда Кыргыз мамлекетин таанытуу иштерин абдан кызуу жүргүздүк. Жыйынтыгында бир жыл ичинде өлкөбүзгө келген малайзиялык туристтердин саны 6 эсеге өстү.

Малайзиялык алдыңкы маалымат каражаттарында мекенибизди тынбай даңазалап, көпчүлүк үчүн ушундай кооз, өзгөчө жер бар экени жаңылык болду. Малайзиялык бир журналист Кыргыз жерин сүрөттөп жазган макаласы үчүн сынакта биринчи орунду алганга да жетишти.

Мындан сырткары ал жактагы жарандарыбыздын башын бириктирип, мекендештерибиздин жолугушууларын такай уюштурууну салтка айланта алдык. Ал жактан билим алууну көздөгөн жаштарыбыздын саны өстү. Кээ бир окуу-жайларынан акысыз билим алууга шарт түзүлдү.

— Жаштарды мекенди сүйүүгө, билимге умтулууга чакырган долбоорлорду да уюштурдуңуздар эле...

— Ооба, кыска убакыт ичинде элчилик катуу иштеди. Жадакалса аткарган көп иштерибиз тууралуу унутуп да калыпмын (күлүп — ред.). Жаштарыбызды патриоттуулукка тарбиялоо максатында «Мекенибиздин гүлдөп-өсүшүн каалайм!» аттуу сынак өткөрүп, Кыргызстандын ар бир облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден жеңүүчүлөрдү аныктап, аларды Малайзияга алып барып келдик. Малайзияга саякаттап келишкен ал 9 окуучунун тил билүүгө, дүйнө таанууга, билим алууга шыктанууналары өсүп, анын таасири миңдеген башка окуучуларга да тийди деп ишенем. Ошондой эле жергебиздин бүткүл аймагынан элүү чакты окуучуга Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуусу менен билим алуусун айкалыштырган долбоор уюштурдук. Ал долбоорго Малайзиядан мугалимдер тартылып, англис тилинен сабактарды өтүштү. Бул иш-чарабыз да келечек муун үчүн, элибиздин келечеги үчүн уюштурулган өзгөчө долбоор болгонун өз көзүм менен көрүп, өзүм аралашып абдан кубандым.

— Ушундай иш-чараларды эмнеге башка элчиликтер өткөрбөйт? Же акча каражаты Малайзиядагы элчиликке көбүрөөк каралганбы?

— Элчиликтерге акча бирдей эле бөлүнсө керек. Бирок жогорудагы айтылган долбоорлорго мамлекеттик бюджеттин же элчиликтин 1 сому да кеткен жок.

Бардык иш-чаралар үй-бүлөмдүн бюджетинен каржыланды (күлүп - ред). Жалпысынан үй-бүлөмдүн бюджетинен 2 жыл аралыгында бул долбоорлорго 10 миллион сомго жакын акча коротулду. Билбейм, балким, бул туура эместир... Кандай болгон күндө да мамлекеттен алган акчаны кайра элге, мамлекетке бердим. Үстөк пайызы менен (күлүп - ред.).Чындыгында ишиңдин ийгилиги акча-каражаттан гана эмес, чыгармачылыгыңдан, жумушуңду, мекениңди сүйүүңдөн да көз каранды. Эң башкысы, мамлекет мага иштөөгө, ишимден ырахат алууга шарт түзүп берди.

Анан, албетте, ийгиликти жалгыз адам эмес, командам, коллективимдин аракети менен жараттым. Элчиликтин башка кызматкерлеринин да, санаалаштарымдын да салымы чоң болду. Күндөп-түндөп иштеген учурларыбыз болду. Кызматкерлерим менен санаалаштарым 100 пайыз убактысын жумушка арнап, тынымсыз иштеген учурлар да болду. Тилекке каршы, берилүү менен иштеген ал кызматкерлерге мамлекеттен же министрликтен эч кандай сыйлык берилген жок. Колумдан келишинче өз алдымча гана дем-күч берип жаттым.

— Ошондо айлыгыңыз канча экенин айта аласызбы? Элчинин айлыгы мамлекеттик масштабдагы ушундай чоң иштерди уюштурууга жетеби?

— Тилекке каршы, айлыкты айтууга укугум жок. Бирок чындыгында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө айлык акы жакшы. Балким, ошондуктан Тышкы иштер министрлигине жумушка орношууну каалагандар арбын болсо керек. Социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда мындай айлыкты элестете да алчу эмесмин. Бирок мен айлык чоң деп өлкөбүздөгү бюджеттик мекемелерге гана салыштырып айтып жатам. Ал эми башка өлкөлөрдүн дипломаттарынын айлык акысына салыштырганда, тескерисинче биздики абдан эле аз.

— Ошол Малайзияда иштеген кыска убакыт ичинде кайсы иштерди жасоого үлгүргөн жоксуз?

— Бишкек-Куала-Лумпур түз аба каттамы ачылышына аракет кылдым, тилекке каршы, ал аракетимдин натыйжасы болбой калды. Өзүң айткандай, убакыт да аз болуп калды. Авиакомпаниялар, албетте, биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн санына карайт. Ошондуктан туристтердин саны бир аптада бир учакка толо тургандай деңгээлге жетсе гана түз аба каттамы болушу мүмкүн. Ал үчүн элчилик мурдагы жылдагыдай аракет менен дагы 2-3 жыл иштеш керек болмок. Түз аба каттамы эки өлкөнүн экономика, бизнес алакаларынын өсүшүнө да түрткү болмок.

— Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда дагы түз аба каттам жок экен...

— Ооба. Азыркы кызматымдагы негизги максаттарымдын бири — эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачтырууга жетишүү. Мөөнөтүмдүн аягына чейин бул максатым орундалат деп ишенем. Чынын айтсам, 2-3 ай аралыгында деле бул нерсе ишке ашып калышы мүмкүн. Бирок так айта албайм. Азыр алгачкы гана сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

— Максатыңыз жакшы экен. Дагы кандай пландарыңыз менен бөлүшө аласыз?

— Түштүк Кореяда төрт миңден ашуун биздин жарандарыбыз бар. Алардын дээрлик үчтөн бири мыйзамсыз жүрүшөт. Мына ошол жарандарыбыз менен иш жүргүзүүм керек. Себеби биздин жарандарыбыз канчалык мыйзамсыз аракеттерге барышса, демек, ал өлкөгө биздин башка жарандарыбыз үчүн да жол жабык болот.

Башкача айтканда, Түштүк Кореяга баргысы келген башка биздин жарандарыбыз үчүн виза ачтыруу, жумушка чакыруу алуу маселеси жаралат. Чындыгында, мындай маселе жаралып жатканына бир топ эле убакыт болуп калды. Ошондуктан жумушка орношмок түгүл дарыланууга баруу үчүн виза ала албай жаткандар бар. Ошентип Кореяда мыйзамсыз жүргөн миңдей жараныбыздын залакасы он миңдеген башка жарандарыбызга тийип жатат. Ушул маселенин үстүнөн иштейм. Андан башка пландар — бул, албетте, өлкөбүзгө инвестиция тартуу, туристтердин санын өстүрүү, жаштарыбыздын билим алуусуна шарттарды түзүү, эки өлкөнүн алакаларын өнүктүрүү, өлкөбүздү даңазалоо.

— Кылычбек мырза, маегиңизге рахмат. Алдыга койгон максаттарыңыздын ишке ашышына тилектешпиз.

— Рахмат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(16)
16.01.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мен чынында бул элчинин аткарган жумушун катардагы жаран катары абдан баалайм.
16.01.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Москвага дагы ушул кишидей элчилик керекпи дейм да)))
16.01.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы ишинизге иигилик.
16.01.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Корейага барганга аябай аракет кылып болбой калды,мага жардам берсениздер суранычым.
16.01.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kanu, менин тааныштарым бар окууга жонотчу ишке эмес бирок
16.01.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Москвага жоноткулочу бизге кереги тие турган адам экен.Азыркы иштеп жаткан элчини атында билбейт экем алып барып бир алыскы айылга аким кылып шайлап койгула! Молодец Кылычбек.Султан.ушундайлар президент болсо жакшы болмок.Айтмак элем президентикке кандидатуранызды койунуз эл соссуз шайлайт сиз гана мамлекетти онуктургонго чон салым кошо алас деп!
Azatbek83 түзөттү 2018-01-16 16:28:25
16.01.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Админ.саламатсыздарбы!мен силерге суроо менен кайрылсам жооп берген жоксуңар,дагы сурайм Кылычбек Султан былтыр конститутцияны өзгөртүүгө каршы чыгып,жумуштан өз калоосу менен кеткен эле,бийлик менен позициясы туура келбей,быйыл пикиринен кайттыбы,Кылычбек мырзадан сурап пикирин жазып койгула
17.01.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78,пикиринен кайтканын озу айтып чыккан.ошондо эле
16.01.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кореяга кыргыз мигранттар учун квотаны кобойтуп берсениз экен Кылыч мырза.
17.01.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында эл колдоосуна арзый турган адам М.Мырзакматовдой. Ушул калыбыныздан жазбаныз. Буюрса сизди келечектеги президент катары кором. Азыркы президенттин мооноту буткондон кийин.
17.01.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Админ Кылыч мырзадан сурап билсениз, мен 2017 эл катары Кореяга барып келдим. Интернетте журотко кыргыздарга иш таап жардам беребиз дешип. Жардам бергендери курусун мусулманчылыкты таштап башка динге отуп кеткендер экен. Оз козум менен коруп келдим Дондемун, Историческая культура метросуна атайын иш издеп барсам, устундо Кыргыздын желеги турат, кире беришинде вход в церковь деп жазылып турат. Алардын динине отсон жардам беришет экен, ар воскресение жолугушат экен церковдо. Муслим болсон карашпай
17.01.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кореяда айлык кобуроок делинип айтылган менен кымбатчылык. Корейлер оздору бут эле кредитке жашашат экен. Жайында анан кышында уч кундон отпуск.10-12 саат конумуш жумуш. Иштес оор. Ошончолук иште иштебесен ачка каласын. Ал жакта жургон кыргыздын копчулугу Иегово динине откондор. Албетте башында айтышпайт. Акырындап церковуна чакырышат экен. Церковго барсан бесплатный корей тилин уйротушот, жакшы иш таап беришет дешип. Кудай сактасын мусулман боюнча калганга эмне жетсин. Кыскасы Кореяга кызыкпагы
17.01.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жылда уч жолу тушум алышат экен. Бирок эч берекесин коргон жокмун. Кыргызстанда ошентип тытынсак байып эле жатып калабыз. Кыргыздын жери тамак ашы баарыбир берекелут экен, оз жерибизден айлансын. Кореяда закон кучтуу дешкен менен кара мафия ал жакта деле бар экен. Орусиянын Владивостогунан жаштарды пароход менен алып отушуп, печаты жок. Барганда орустун жаш кыздарын келген машиналарга караокеге саунага коркпой салып берип иштеген корейлерди да кордум. Согуп бакырып кулдай кылып, боор ачыды
17.01.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени жумушка алыңызчыы!
Medinaa түзөттү 2018-01-17 00:56:08
17.01.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кореянын киносу башка оздору аялдарды сыйлашпайт экен. Дини болок тили болок. Айтарым барбай эле койгула Кореяга. Кыргызстанда эле айылда болсок теплица парник ачып иштеткиле. Шаарда болсок нан сатып семичка сатып же мал менен деле бизнес кылсак болчудай. Бул менин жеке пикирим. Катуу кетсем кечирип койгула
17.01.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
gulya583,кореяда 3 жыл иштеп келген адам катары айтам, айткандарыныз 100% туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: