super.kg logo

"Freedom House" уюму Кыргыз өлкөсүн Борбор Азиядагы жалгыз гана салыштырмалуу эркин мамлекет деп тапты

 

"Freedom House" көз карандысыз уюму Кыргыз өлкөсүн 100 баллга чейинки көрсөткүч менен санаганда 33 балл менен Борбор Азиядагы жалгыз гана салыштырмалуу эркин мамлекет деп тапты. Ал эми Казакстан 22, Тажикстан 11, Өзбекстан 3 балл менен эркин эмес өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

"Кыргыз жериндеги саясий элита өз кызыкчылыгы үчүн Конституциялык өзгөрүүлөр боюнча референдум өткөргөн. Өзгөрүүлөр боюнча бийлик президенттен премьер-министрге өтөт. Мындай кадам президенттик мөөнөтү аяктаган соң да бийликти сактап калуу аракетинде Алмазбек Атамбаев тарабынан киргизилген", - деп жазылган анда.

Белгилүү болгондой, 195 мамлекеттин ичинен 87 өлкө эркин мамлекет, 59 салыштырмалуу эркин жана 49 өлкө эркин эмес мамлекет деп табылган. Эң начар көрсөткүч Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, Түндүк Африкада жана Евразияда катталган.

"Freedom House" - демократияны колдоого алып, 1941-жылы АКШда негизделген уюм.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
17.01.2018. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында Кыргыз Республикасы орто азиядагы жалгыз демократиялык өлкө! Президентти каалаганча жамандайбыз)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: