super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Акча үчүн мээримден ажыраган балдар"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акча үчүн мээримден ажыраган балдар" деген тема талкууланууда. Анда автор: "Азыр коомубузда үйлөнүп, балалуу болуп анан эле балдарын таштап мигрант болуп акча таап жүргөн ата-энелер көбөйдү. Балдарды мээримге зар кылып тапкан акча бизге зарылбы? Мындай балдардын эртеңки күнү кандай болот, тарбиядан өтө аксап калат го", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"А дейбиз, б дейбиз, баары бир акчага келип такалып жатпайбы? Ким жыргаганынан балдарын таштап кетип жатыптыр? Мен да балдарымды боорума басып, мээримиме бөлөгүм келет. Карандай кара турмуш далыңдан ныгыра басып турса, кайда, кимге барып, эмне деп арызданасың, айланадагылардын баары сенден өтүп кыйналып турушса?"

"Биз эки жыл ойлонуп жүрүп быйыл чыгынып, балдарды кошуп Орусияга алып келдик. Себеби ошол силер айткан ата-эне мээримине муктаж болбосун, тарбиядан аксабасын дедик. Ал эми Кыргыз мамлекетинде жумушсуздук күч алган, дыйканчылык кылайын десең жер жок. Мамлекеттик мекемеде иштеп 7 миң сом айлык аласың, ал эч нерсеге жетпейт".

"Жаштарыбыз ойлонуп турмуш курушса, ойлонуп балалуу болушса... Алына жараша балалуу болуп, жакшылап шартын түзүп берип бакса... Тойго көп чыгаша кетирбей ал акчаны баланын жакынкы келечегине жумшаса... Ушул түшүнүктөрдү өзүбүздө калыптандырышыбыз керек".

"Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, эч ким жыргаганынан кеткен жок. Баары көр тиричиликтин айынан, жетишпегендиктен мөлтүрөгөн балдарын, карып бараткан ата-энесин таштап ата-теги көрбөгөн алыс жерге тобокелге салып кетип жатышат".

"Балдарынын алдында милдетин аткарбай туруп, алардын акысын кандырбай туруп акча тапкан ата-энелердин тапканы бир тыйынга дагы татыбайт. Мээримин акча менен компенсация кылган ата-эне карыганда кандай акыбалда калат, Кудай билет, бирок балдарынан мээрим көрбөй турганы анык".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.01.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жыргаганынан балдарын таштап кетпейт дейсинер ал куру шылтоо!Менин бир келиним жыргап жашап атсада чыдабай кетти таштап 3 баласын.Меерим деген жок экен кичинекеееей кездеринде кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: