super.kg logo

Орусияда кызуу талкуу жараткан Диана Шурыгинаны зордуктаган студент эркиндикке чыкты

 
Диана Шурыгина
Сергей Семёнов

Орусияда кызуу талкуу жараткан Диана Шурыгина аттуу кызды зордуктаганы үчүн камакка алынган Сергей Семёнов мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Бул жаңылык жаңыдан унутулуп жаткан окуяны кайрадан элдин эсине салып, ого бетер талкууну күчөттү. Баарынан кызыгы Сергей Семёнов эркиндикке чыккан күндүн эртеси орустардын "Россия-1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүнө чакырылса, Диана Шурыгина ошол эле күнү бир аз гана убакыт айырмачылык менен Биринчи каналдын "Пусть говорят" берүүсүндө конокто болгон.

Маалым болгондой, 3 жылга эркинен ажыратылган Семёнов мурда соттолбогону жана "Пусть говорят" берүүсүнө тартылган гонорарын кайрымдуулукка жумшаганы үчүн 1 жылдан соң эркиндикке чыккан. Ал залдагы элдин суроолоруна токтоолук менен жооп берип, эмоцияга алдырган эмес.

Ал эми Шурыгина мындай чечимге азыркыга чейин таң калып бүтө албай жатканын айткан.

"Мен бул кабарды укканда нес болдум. Эмнеге мынча эрте? Ал бул аралыкта эч нерсени түшүнгөн жок, болгону өзүн "баатыр" сезип жүрөт", - деген ал. Андан соң залдагы элдин ар кандай сөздөрүнөн тажаган кыз студиядан чыгып кетип, бир аздан соң жолдошу менен кайтып келген.

Белгилей кетсек, Шурыгина Сергей Семёнов аттуу студент баланы зордуктоо боюнча айыптаган. Бирок Семёнов жыныстык катнашка эки жактын тең макулдугу менен барганын айтып, зордуктаганын моюнга алган эмес. Жыйынтыгында сот студентти 8 жылга эркинен ажыратса, кийинчерээк жогорку инстанциядагы сот Семёновду 3 жыл, 3 айга кескен.






Шурыгинаны зордуктаган бала эркиндикке чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(7)
16.01.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Диананы коюп Манас, Ош аэропортторуна шарттарды тузгулочу.....
16.01.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
ashamkan,не Супер Инфо тузуп береби? Кызык адамдар ээ бу жашоодо
16.01.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рас болуптур
16.01.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Э орстарда дианага окшогон кыздар тыгылып жататго,керек болсо тороп деле салышат, алар жигити менен жатып журуп анын досуна деле тийип алышат.
16.01.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге булардын не кереги бар????
16.01.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зордукталган бир эле ушул бекен?
16.01.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде Анжелика болсо орусияда Шуригина
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: