"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Тендер кеч жарыялангандыктан Аксы районунун бардык мектептеринде окуучуларга тамак бериле элек" дейт Азимкулова

Тендер кеч жарыялангандыктан Аксы районунун бардык мектептеринде окуучуларга тамак бериле элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн 1-4-класстын окуучулары үчүн тамак боюнча жооптуу адиси Акбермет Азимкулова билдирди.
"Учурда Аксы районундагы бардык мектептерде тамак берилбей жатат. Анткени 2018-жыл үчүн тендер 12-январда гана жарыяланган. Азыр бардык уюштуруу иштери аягына чыгып калды. Райондогу мектептерге, тамак 20-январдан тарта бериле баштайт", - деп билдирди Азимкулова.
Эскерте кетсек, "Элдик кабар" рубрикасына окурман: "Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында жайгашкан Темиркул Мавлянов атындагы орто мектебинде 1-4-класстын окуучуларына берилүүчү тамак 2017-жылдын декабрь айынын орто ченинде токтогон. Тамак азыркы убакта да бериле элек", - деген билдирүүнү жөнөткөн.




1 |